• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ушул жылдын I чейрегинде 811,5 гектар жерге бак жана бадалдар отургузулду

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Ушул жылдын I чейрегинде 811,5 гектар жерге бак жана бадалдар отургузулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 634,5 гектар, Ош облусунда – 89, Баткенде – 41, Чүйдө – 25, Таласта 22 гектар жерге бактар жана бадалдар отургузулган.

"Калктуу жайларды жашылдандыруу үчүн 168 миң 886 даана көчөт берилген. Алардын ичинен Жалал-Абаддын шаар жана калктуу конуштарына 52 миң 887 даана, Ош – 81 миң 100, Баткен – 8 миң 980, Талас – 2 миң 742, Чүй – 403, Ысык-Көл – 7 миң 942 жана Нарындын шаар жана калктуу конуштарына 11 миң 205 даана көчөт берилген", - деди ал.

Ошондой эле өлкөдөгү сел жүрүү коркунучу бар тикелерине 20 миң 642 көчөт тигилген.

Пикир

Оставить комментарий