• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кайрымдуулук ат оюндары өттү

Коом 0

Бишкек, 28.10.22./Кабар/. Бишкекте Республикалык ат спорт мектебинин базасында “Биз сени менен, Эркеайым!” аттуу ат оюндары болуп өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чарага борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана ардактуу коноктор катышты.

Спортчулар спорттук аттар менен "чабуу" (жогорку ат чабуу), аттардын шайыр карнавалын жана аттардын синхрондук бийин көрсөтүштү.

"Мындан сырткары, алар сүрөттөрдүн аукционун, бийик тоскоолдуктарды (190 см) басып өтүү боюнча сынакты, кол өнөрчүлүктүн кичи жарманкесин, ошондой эле аттарды тамактандыруу, минүү жана тактилдик байланышты өткөрүштү. Эл артисттери да өнөрлөрүн тартуулашты", - деп айтылат билдирүүдө.

Муниципалитеттен белгилешкендей, акциядан түшкөн каражаттын баары онкологиялык нейробластома оорусу менен ооруган 2 жаштагы Эркеайымдын дарылануусуна которулат.

Пикир

Оставить комментарий