• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Астанага келди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапары менен келди.

Жумушчу сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле Казакстандын президенти менен өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий