• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Вечерний Бишкек”: Жогорку сот Александр Кимге козголгон кылмыш ишин кайра кароого жиберди

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Жогорку сот Александр Кимдин ишин кайрадан кароого жиберди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кимдин жактоочусу Тимур Султанов кабарлады.

Анын айтымында, мурун Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Александр Кимди күнөөлүү деп таап, 6 жылга шарттуу соттогон. Адвокат соттун чечими менен макул болбой Бишкек шаардык сотко арыз берген. Бирок шаардык сот Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

“Биз Жогорку сотко арыз бергенбиз. Жогорку соттун соттук коллегиясы бул ишти карап чыгып, эки инстанцияда кабыл алынган чечимди жокко чыгарган. Учурда бул иш кайрадан Свердлов райондук сотуна кайрадан карап чыгууга жөнөтүлдү, - деп билдирди адвокат.

Пикир

Оставить комментарий