• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кантта бир нече кылмышка шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кант шаарында бир нече кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-январь күнү Ысык-Ата районунун ИИБине бир мекеменин жетекчиси арыз менен кайрылып, Кант шаарындагы жайгашкан көчөлөрдүн биринде жайгашкан люктун капкагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирген.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1980-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө кызматында шектүү адам дагы 2 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий