• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунда бөтөлкөлөшүнүн денесине залал келтирген киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда бөтөлкөлөшүнүн денесине залал келтирген киши кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 27-январында болжол менен саат 17:00 чамаларында Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнө ооруканалардын бирине эркек киши дене жаракаттары менен түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Көрсөтүлгөн дарекке ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү учурунда ал 1990-жылы туулган М.А., аттуу жаран экендиги такталган. Жабырлануучунун эжеси милицияга арыз жазып, бир тууганын Озерное айылында белгисиз бирөө уруп-сабаганын билдирген.

Чогултулган материалдар окуя болгон жери боюнча Аламүдүн РИИБүнө жөнөтүлгөн. Кийин жогорудагы факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББсынын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган М.Э., аттуу жаран кармалган.

"Териштирүү учурунда жабырлануучу менен шектүү мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жабырлануучу дене жаракаттарды алганы маалым болгон", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий