• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо 34 жаштагы жаран киши колдуу болгон. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Базар-Коргон милициясы изи сууй электе адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-августта саат 08:25 чамасында Базар-Коргон райондук милициясына 21 жаштагы район тургуну кайрылып, үйүнүн алдындагы сөрүдө 34 жаштагы тууганынын жансыз денеси жатканын билдирген.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери материалга оролгон адамдын сөөгүн табышкан.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургуну 1974-жылы туулган А.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүү фактысы спирт ичимдигин ичүүдөн улам келип чыккандыгы белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий