• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Венгрия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө техникалык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Венгрия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргыз-венгрия саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, Венгрия өкмөтү КР куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскер-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди”, - деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 20-ноябрында «Hungarian Water Technology Corporation Ltd.» компаниясы тарабынан берилген жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны КРнын коргоо ведомствосу кабыл алды.

Бул жабдуулар Венгриянын суу өнөр жай технологиясы болуп саналат жана алар кайтарымсыз берилди.

Аталган жабдуулар келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында автономдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берет жана КР Куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскердик талаа госпиталынын дареметин кыйла жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий