• 88.68
  • 95
  • 0.95

Электр энергиясынын жоготуулары азайтылып, авариялык өчүрүүлөр кыскарат - Улуттук энергохолдинг

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев энергетика министрине энергетикалык компаниялардын 2021-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктарын жана көрсөткүчтөрүн айтып берди.

Компаниянын басма сз кызматы билдиргендей, Байгазиев Бишкек шаардык ЖЭБине көмүр планга коюлган графиктен кечиктирилип түшүрүлүп жатканын белгиледи. Мындан улам көмүрдүн көлөмү бүгүнкү күндө өткөн жылга салыштырмалуу аз.

Холдингдин жетекчиси аймактардагы керектөөлөрдүн белгиленген ченемдерине баш ийүү керек экендигине токтолду. Жыл жыйынтыгында ченемден ашыкча сарпталган электр энергиясынын кубаттуугу 700 млн кВтс түздү.

Ошондой эле Байгазиев энергетикалык компаниялардын ишиндеги кемчиликтерге токтолуу менен бирге энергетиктер мурдагы жылы жалпы эле тармакты оң жагына көрсөткөн бир катар иштерди аткаргандыгын белгилеп өттү.

"Учурда тармактарды өнүктүрүү, көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу үчүн оңдоо иштери жана энергетикалык объекттерди капиталдык куруу иштери жасалып жатат", - деди ал.

Отурумдун жүрүшүндө электр энергиясынын жоготуулары азайтылары жана ыкчам өчүрүүлөрдүн саны кыскарары айтылды.

Мындан сырткары, холдингдин башчысы керектелген электр энергиясы үчүн дебитордук карызды кыскартуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө сөз кылып, 2022-жылга карата модернизациялоо жана куруу планын көрсөттү.

Жыйынтыгында бул жылы 483 км ЭӨЧ (электр өткөрүү чубалгылары) реконструкциялоону, ЭЭКЭАТ (электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму) эсептегичтердин 82 миң 590 даанасын, 181 комплектүү трансформатордук көмөк чордонду орнотууну, 354 жүктөмү ашыкча трансформаторду алмаштырууну пландалганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий