• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку соттун жаңы төрагасы Замирбек Базарбеков жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Жогорку соттун жаңы төрагасы Замирбек Базарбеков Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы төраганы жамаатка КР президентинин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев тааныштырды.

Медербек Сатыев президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Замирбек Базарбеков 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалгандыгын билдирди.

Медербек Сатыев мамлекет башчысы сот реформасынын ийгиликтүү уланышына чоң үмүт артарын белгиледи.

Өз кезегинде Замирбек Базарбеков ынтымакта жана биримдикте сот реформасын биргеликте жүргүзүүгө болгон күч аракетин жумшай тургандыгын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий