• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-мэр Кадыров Ош шаарындагы көрсөтүлгөн гумжардам тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында жалпы 47 миң 875 жаранган жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 130 тонна ун 4 миң 222 үй-бүлөгө таркатылды.

"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бөлүнгөн 4 млн сом жана республикалык бюджеттен 18 млн сом келип түштү. 27 миң 778 үй-бүлөгө жардам каралса, анын ичинен 15 миң үй-бүлөгө жардам жеткирилди. Өзбекстандан келген 100 тонна ун 10 миң үй-бүлөгө берилди. Ош шаардык мэриясы тарабынан 5 миң тонна ун жана азык-түлүк баштыкчалары 276 медкызматкерге таратылып берилди. Ошондой эле обсервацияда жана бейтапканаларда иштеген 91 медкызматкерге гуманитардык жардам берилип жатат", - дейт ал.

Кадыров кошумчалагандай, жеке ишкерлер тарабынан 14 миң 159 жаранга жардам берилди.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий