• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад: Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Жалал-Абадда издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү саат 2:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында, Сузак районунун 1991-жылы туулган И.С. аттуу тургунун азиат улутундагы 20-25 жаштагы жаран уруп денесине залал келтирип, жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталып, жабырлануучунун абалы оорлогон учурда КРнын Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) өзгөртүлүп, кайрадан квалификацияланган.

Бул окуяга шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жалал-Абад шаарынын тургуну 1998-жылы туулган А.Ш. экендиги такталган. Бирок, аталган окуяга шектүү жүргөн жерин жашырып качып жүргөндүктөн, буга чейин милиция тарабынан издөө жарыяланган.

2020-жылдын 28-май күнү Жалал-Абад ШИИБинин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектелип издөөдө жүргөн Жалал-Абад шаарынын тургуну 1998-жылы туулган А.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий