• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Таластагы соцобъекттердин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргыз Республкиасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова жумуш сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жумуш сапардын алкагында вице-премьер-министр балдар интернатынын мекемесине жана саламаттыкты сактоо объекттерин кыдырды.

Чолпон Султанбеков Манас районунун Покровка айылындагы жашоо турмушу оор абалда болгон үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүүчү социалдык борбордун ишин сынга алды.

Борбордун абалын көрүүдө, мекемеде бирдиктүү иш системасы жоктугу жана бул борбордун ишмердүүлүгүнө тескери таасирин тийгизип жатканы аныкталды. Мындан сырткары Чолпон Султанбекова бул жерде чечүүгө муктаж болгон көйгөйлүү маселелер көп экенин билдирди.

Ошондой эле вице-премьер-министр 2015-жылы Талас шаарында ачылган «Кайрым» балдар реабилитациялык борборуна барып, борбордун абалы жана андагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Борбордун кызматкрелери ачылгандан баштап, зомбулукка туш болгон 11 балга жардам берилгенин маалымдады.

Объекттерди кыдырууда медициналык кызматкерлер вице-премьер-министрден убагында дары-дармек менен камсыз кылуу маселесин чечип берүүнү суранышты. Тендердин айынан ооруканада жаткан бейтаптарга көп дарылар кечиктирилип берилет.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, анын чечилишине ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий