• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Владимир Путин Кыргызстанга 28-мартта келет

Коом 0

Бишкек, 07.03.19 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга 28-мартта келет. Бул тууралуу РФ вице-премьер-министри Константин Чуйченк билдирди.

Кыргызстандын жана Россиянын президенттери эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Анын алкагында соода-экономикалык кызматташтык, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, Константин Чуйченко 1-мартта Бишкекке келип, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан.

Ошондой эле Чуйченко кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйынына катышкан.

Пикир

Оставить комментарий