• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президеттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Акыркы мезгилде кыргыз-россиялык өнөктөштүк жана союздаштык үчүн көп иштер аткарылды. Жакында болуп өткөн Бишкектеги жолугушуубузду, эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин конструктивдүү, мазмундуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү канааттануу менен эстейм.

Россиянын жана Кыргызстандын кайчылаш жылы деп жарыяланган келе жаткан 2020-жылы дагы биз боордош элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен тыгыз жумушту улантабыз деп ишенем.

Сизге, Сооронбай Шарипович, Сиздин жакындарыңызга жана үй-бүлөңүзгө бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына — тынчтык жана бакубатчылык каалайм», — деп Владимир Путиндин куттуктоо телеграммасында белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий