• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Монголиянын президенттери жубайлары менен тар чөйрөдө баарлашты

Президент 0

Бишкек, 09.07.23./Кабар/. Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында расмий иш-чаралардын башталышынын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана анын жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тар чөйрөдө баарлашты.

Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго өлкөгө сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн түз диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров монгол тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ухнаагийн Хурэлсухту жана монгол элин ушул күндөрү өлкөдө белгиленип жаткан Наадам улуттук майрамы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий