• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиялык лидер Россия менен Кыргызстандын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча диалогдун жана биргелешкен иштин уланышына ишенет.

Россиянын президенти президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий