• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана «Мамлекет кепилдеген юржардам жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 498-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу деген ченем айкындалган жана такталган.

Ошондой эле Мыйзам менен «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык:

– көмөкчү юристтердин статусу, ишинин тартиби жана алардын реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

– жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар адамдардын тизмеси аныкталды;

– административдик сот өндүрүшүнүн квалификациялуу юридикалык жардамын алууга укугу бар адамдардын тизмеси толукталды (анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар);

– жарандык процесстик мыйзамдарда каралган учурларда өтүнүч берүүчү адам соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат менен камсыз кылынат;

– координатордун (мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу кызмат адамынын) чечими боюнча адвокатты алмаштыруу учурларынын тизмеси аныкталган;

– квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу токтотула турган учурлардын тизмеги аныкталган;

– кылмыш-жаза, жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин тизмеси, ошондой эле бул баш тартууга даттануунун тартиби аныкталган;

– адвокатка карата колдонулуучу таасир этүү чараларынын тизмеси, ошондой эле бул чараларга даттануунун тартиби аныкталган;

– сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү иштер боюнча жарандарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлбөйт;

– административдик сот өндүрүшүнүн алкагында квалификациялуу юридикалык кирешеси эске алынбастан жардам, анын ичинде кайрылмандын, качкындын, жарандыгы жок адамдын, аргасыз жер которуучунун статустарын берүү маселелери боюнча адамдарга берилет;

– квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапатынын стандарттары мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү саясатты координациялоо жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет;

– координатордун чечими боюнча адвокаттын лицензиясы убактылуу токтотулган же ажыратылган учурда алмаштырылат;

– квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен биргеликте иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий