• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жеткирүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларга бирдей укукта катыша алат

Президент 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашуунун негизги максаты бир мүчө мамлекеттин аймагында катталган потенциалдуу жөнөтүүчүлөрдүн башка мүчө мамлекетте жүргүзүлүүчү мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга катышуу үчүн тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын принциптеринин негизинде тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, мүчө мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүргүзүүдө кардарлардын укуктарын талаптагыдай коргоонун зарылдыгы болуп саналат.

Макулдашууда мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максаттары үчүн банк кепилдиктерин берүүгө укуктуу банктарга карата талаптар, мындай банктардын тизмесин түзүү, ошондой эле банк кепилдиктерин реестрин жүргүзүү боюнча жолдор аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий