• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Суучул Денис Петрашов төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинень билдиришкендей, спортчу быйылкы Азия чемпионатында 200 метр аралыкты 2 мүнөт 12,89 секундда сүзүп, экинчи алтынды жеңип алды. Петрашов 27-февралда 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө ишенимдүү жеңишке жетип, биринчи алтынын алган.

Азия чемпионаты Филиппинде өтүүдө. Бул мелдештерди Кыргызстандын суу спорту федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев калыс катары тейлейт.

Эске салсак, спортчу буга чейин 2017 жана 2019-жылдары алтын медалдын ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий