• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат

Ден соолук 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат. Маалымат Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кытайдан (Хэнань провинциясы) Кыргызстанга парткомдун катчысынын орун басары, "Сюнкэ" ооруканасынын вице-президенти Вэй Сян баштаган төрт дарыгер келди, алар менен Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору Самудин Шабыралиев жана башкалар жолугушту.

Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын, тактап айтканда, эки өлкөнүн адистеринин ортосундагы ар түрдүү профилдеги тажрыйба алмашууну талкуулашты.

Бул жолугушуунун алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту менен "Сюнкэ" ооруканасынын ортосунда жыл сайын жүрөгү катуу жабыркаган кыргызстандык 10 балага операция жасоо жөнүндө Меморандум түзүлүп, ошондой эле жыл сайын беш адамдан турган кыргыз дарыгерлеринин бригадасын Кытайга квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга жөнөтүү макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий