• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жерлерди трансформациялоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 21-июлунда "КР айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 15-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ал инвестицияларды тартуу, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жарандар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР мыйзамдарына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

– сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропорт куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт;

– айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана жоготулган пайдасы аэропортту куруу жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которууда, ошондой эле КР министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана КР жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында аныкталган мамлекеттик милдеттерди ишке ашырууда орду толтурулбайт.

Пикир

Оставить комментарий