• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ырчы Бек Исраилов «Славян базары – 2022» фестивалында 3-орунду ээледи

Маданият 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов «Славян базары – 2022» фестивалында 3-орунду ээледи.

Конкурс 18-июлга караган түнү Беларустун Витебск шаарында өттү.

Сынакта Лариса Долина, Вреж Кирокосян, Руслан Алехно, Микаэла Роуз («Арабеск» тобунун мүчөсү), Леонид Пташка, Марио Стефано Пьетродарчи жана Яна Клавина калыстык кылды.

Белгилей кетсек, «Славян базары» фестивалы 1992-жылдан тарта жыл сайын Витебск шаарында өткөрүлүп келет.

Бек Исраилов 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Бар-Булак айылында туулган. Ал 2017-жылы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий