• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык опера ырчылары биринчи жолу Европа өлкөлөрүнө гастролго чыгышты

Маданият 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери "Руханий мурас — мезгил байланышы" аттуу турне менен Европа өлкөлөрүнө гастролго барып келишти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында опера театрынын режиссеру Наиля Рахмадиева, КР Эл артисттери Бактыбек Ыбыкеев жана Эмгек сиңирген артисти Зайра Райымбекова гастролдон алган таасирлери жана жыйынтыгы тууралуу айтып беришти.

"Руханий мурас — мезгил байланышы" деп аталган Европа турнеси Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.

Чыгармачыл топтун курамында КР Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев, КР Эмгек сиңирген артисттери Айбек Саралаев, Тилек Найманбаев, Заира Раимбекова жана Айзирек Момунова, концертмейстер Нуржан Токтобекова, режиссер Найля Рахмадиев кыргыз диаспораларынын активисттери менен биргеликте Германия, Франция, Венгрия жана Автрияда бир катар маданий кечелерди өткөрүшкөн. Кыргыз артисттери угуучулар үчүн ата мекендик жана дүйнөлүк чыгармаларды аткарышкан.

Наиля Рахмадиева белгилегендей, көрүүчүлөр үчүн улуттук жана дүйнөлүк классиканын чыгармалары аткарылды: байыркы кыргыз музыкасы, кыргыз классикалык музыкасы (К.Молдобасанов, Н.Давлесов ж.б.) жана европалык опера музыкасы. Программа ар бир өлкө үчүн өзүнчө болду, солисттер ар башка тилде чыгармаларды аткарышты: Будапештте бардык солисттер венгер элдик ырын аткарышты, Францияда Оффенбахтын "Баркаролле" дуэтин аткарышып, Берлинде немис композитору Р.Шумандын чыгармаларын даярдашты жана ар бир концерт Н. Давлесовдун "Кыргыз жери" ыры менен аяктап жатты.

Маданий кеченин коноктору мамлекеттик органдардын, парламенттердин, дипломатиялык корпустун, коомдук бирикмелердин, маданият уюмдарынын өкүлдөрү жана мекендештер болушту.

Өткөн турлардын жыйынтыгында мындай иш-чараларды өткөрүү европалык коомчулукту азыркы Кыргызстандын каада-салты жана маданияты менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.

Заира Райымбекова гастроль европалык коомчулук үчүн, ал тургай кыргыз диаспорасы үчүн ачылыш болгонун, кыргыз артисттеринин жөндөмдүүлүктөрүнө таң калганын, классикалык вокалдык искусствонун ата мекендик аткаруучуларынын талантын көрсөткөнүн белгиледи.

Ал эми КР Эл артисти Бактыбек Ыбыкеев бир катар чет мамлекеттердин ири филармонияларынын сахналарында кийинки гастролдорду жана концерттерди уюштуруу боюнча макулдашуулар жетишилгенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий