• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Ата районунда "Жөө өткөөл" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Ысык-Ата райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан "Жөө өткөөл" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышкан.

Алдын алуу иш-чарасы учурунда өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын болтурбоо максатында Ысык-Ата районунун аймагындагы орто мектептерде жол эрежелерин сактоо боюнча ЖКККБнын жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун катышуусунда 10 лекция окулуп, өспүрүмдөргө жолдо жүрүүнүн эрежелери эскертилди.

Андан сырткары, ата-энелерге ошондой эле балдар үчүн да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий