• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада чуңкурга түшүп кеткен адам куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Ысык-Атада чуңкурга түшүп кеткен адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопакровка айылында тереңдиги болжол менен 3 метр болгон чуңкурга мас абалындагы эркек киши түшүп кеткен.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, ал адамды чуңкурдан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий