• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде болжол менен саат 10:00 чамаларында Ысык-Ата райондук ИИБнин нөөмөт бөлүгүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу телефон чалуу болгон.

Ысык-Ата райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен дене жаракаттары менен эркек кишинин сөөгүн табышкан. Териштирүү учурунда ал 34 жаштагы Х.И. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий