• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облустук сотунда ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Ысык-Көл облустук соту Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл областтык юридикалык институтунун студенттеринин алган билимин практика менен тереңдетүү максатында ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма-сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 28-29-мартында институттун 3-курсунун 5 группасынын студенттери мугалими А.Н.Наймановдун коштоосунда жазык иштер жана жарандык иштер боюнча ачык сот отурумдарына угуучу катары катышышты. 2 жумуш күн ичинде студенттер 10го жакын сот процесстерине катыша алышты.

2017-жылдын 3-апрелинде Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Г.Б. Аширбаева студенттерди соттун кызматкерлери жана соттун иш процесси менен тааныштырды. Ысык-Көл облустук сотунун бөлүм башчысы Н.А.Ибраева меймандарга экинчи инстанция сотунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Соттун аппаратынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттери жөнүндө айтып беришти. Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары А.А. Досмамбетов студенттер менен жолугуп, меймандарга өзү жөнүндө кыскача айтып берип, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иштөө тартибин түшүндүрүп, алардын суроолоруна жооп берген соң, студенттерди тырышып окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын туу тутуп, бекем сактоого чакырды.

Ачык эшиктер күнүнүн соңунда Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Г.С. Алиева студенттерге насаатын айтып, укук таануу жаатында маек куруп, кеп-кеңештерин берип, окууларына ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий