• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда эпидемиологиялык абал турукташты - облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Ош облусунда эпидемиологиялык абал турукташты. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди.

Анын айтымында, учурда санитардык талаптарды аткаруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

"Жалпы абал турукташты. Бирок ооруну кетти деп айтууга болбойт. Кудай сактасын бирок экинчи толкун болот деген сөздөр жүрүп жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө дагы бардык талаптарды аткарышыбыз керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий