• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда белгисиз адамдар эки унаа уурдап, бирөөнү өрттөп салышкан

Кырсык 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында белгисиз адамдар эки автоунааны уурдап кетип, бирөөнү өрттөп салышкан. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, уурдалган унаалар 20-ноябрда шаардын четинен табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Билдирүүдө автоунаалар 19-ноябрда уурдалгандыгы жана алар эртеси күнү табылгандыгы айтылат. Азыркы учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп, териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий