• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда өрт чыккан

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 21-август түнүндө саат 00:33тө Жалал-Абад шаарында Бакиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук базарда өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Өрттүн айынан болжол менен 2 миң 500 чарчы метр аянттагы соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Курман болгондор жок", - деп айтылат маалыматта.

Өрт саат 01:50дө чектөөгө алынып, 04:15те толук өчүрүлгөн.

Учурда, өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий