• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайдагы мейманканадан өрт чыгып, 18 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.18 /Кабар/. Кытайдын түндүк-чыгышындагы Хэйлунцзян провинциясында жайгашкан Харбин шаарындагы мейманканадан өрт чыгып, 18 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кытайлык Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, өрт бүгүн, 25-августта 4 кабаттуу, аянты 18 миң чарчы метр болгон кирпич-бетондуу мейманканадан чыккан. Анын 400 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

Кытайдын борбордук телевидениесинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө 5 өрт бригадасы тартылган. Куткаруу иштери уланууда, өрттүн себептери такталып жатат. Жабыркаган чет элдик жарандар тууралуу маалымат азырынча түшө элек.

Пикир

Оставить комментарий