• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы бир күндө 28 өрт кырсыгы болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 28 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүнүн №36 эки кабаттуу мейманкананын бөлмөсүндө үй эмеректери жана жыгач устундуу темир жабылган бастырманын 70 чарчы метр чатыры күйгөн.

Чүй облусунун Алексеевка айылынын Киев көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Кара-Чолок айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 40 чарчы метр болгон экинчи кабаты жана 30 боо жүгөрү сабагы жана отун күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен шоктугу.

Пикир

Оставить комментарий