• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алтын казган ишканадагы өрттөн жабыркагандар катталган жок – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Фулл Голд Майнинг" алтын казган ишканадагы өрттөн жабыркагандар катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда саат 10:15тер чамасында алтын кенден өрт чыккан.

Өрт саат 12:29да чектөөгө алынып, 20-октябрь күнү түнкү саат 01:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен имараттын 2 миң чарчы метр аянты күйгөн.

Учурда келтирилген материалдык чыгымы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий