• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто унаасы менен каналга түшүп кеткен жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Ошто жол тандабас унаасы менен Увам каналына түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

18-октябрь түнкү саат 03:30дар чамасында ӨКМге Кулматов көчөсүндө Lexus S933 үлгүсүндөгү унаанын ээси рулга ээ боло албай Увам каналына оодарылып, түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар жерине барган учурда унаанын ичинде жаран бар экендиги аныкталган.

ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, 25 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочусун каналдан чыгарышкан. Учурда абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий