• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү — күн тартибинде 22 маселе каралды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ЕЭК кеңешинин жыйыны алкагында күн тартибиндеги 22 маселе каралып, чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасынын долбоору жактырылды, ага ылайык ЕЭКке эл аралык жана улуттук каржы уюмдары тарабынан берилген кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен кооперативдик долбоорлорду каржылоонун ыкмаларынын негизинде ишти улантуу тапшырылды.

Ошондой эле Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин буйругунун долбоору да жактырылды, ага ылайык ЕЭКке өнөр жай кооперациясын каржылоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоорун даярдоо тапшырылды.

ЕЭК кеңешинин чечими менен тез бузулуучу товарлардын тизмеси бекитилди, аларга карата 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө бажы операциялары артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт (тизмеге эт, балык, сүт, сүт азыктары, жашылчалар жана жемиштер кирет), бул тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын убактысын жана финансылык чыгымдарын кыскартууну камсыз кылат.

ЕЭК кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан азык-түлүк, парфюмериялык-косметикалык буюмдарды өндүрүү жана сатуу үчүн сунушталган беш товардык позициянын импортуна, Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган жеңил өнөр жайы үчүн эки товардык позицияга жана Беларусь Республикасы сунуш кылган бир товардык позиция боюнча тарифтик жеңилдиктердин колдонуу мөөнөтү узартылды.

Кыргызстандын демилгеси менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынын демилгеси боюнча Бирликке мүчө-мамлекеттерде катталган медициналык колдонуудагы дары-дармек каражаттарын каттоо жыйынтыктарын таануу жөнүндө ЕЭК кеңешинин токтому кабыл алынды.

Демилгени ишке ашыруу Биримдиктин мүчө-мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына өз демилгеси боюнча сейрек кездешүүчү ооруларда колдонулган дары-дармек каражаттарын жана жогорку технологиялык препараттарды татаал экспертизасыз, Бирликтин башка мүчө мамлекетиндеги (референттик мамлекет) каттоонун натыйжаларын таануу жолу менен тездетилген тартипте каттоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө техникалык жөнгө салуу жаатында Биримдиктин колдонуудагы актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чечимдер кабыл алынды жана интеграциялык бирикменин ишиндеги айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча ЕЭК министрлеринин отчеттору угулду.

Пикир

Оставить комментарий