• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда кырсык болгондон кийин качып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда кырсык болгондон кийин качып кеткен айдоочу кармалды,-деп билдирет КР ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 8-майында болжол менен саат 20:40 чамасында Балыкчы шаарындагы Фрунзе көчөсүндө белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсыктын натыйжасында 60 жаштагы аял жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган.

“Ыкчам-издөөнүн натыйжасында 32 жаштагы Ж.Т., аттуу жаран кармалган”,-деп айтылат маалыматта.

Автоунаа унаа токтотуучу жайга киргизилип, чогултулган материалдар Балыкчы ШИИБнин тергөө кызматына өткөрүлгөн. Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий