• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титиреди, - деп кабарлайт КР ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 29-январда түнкү саат 01:56да Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий