• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун башчысы туристтерге карата коюлган талаптар туурасында айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Коюлган талаптарды бир гана туристтик субъекттер сактабастан, туристтер өзү да аткарышы керек, - деп баса белгиледи өкмөттүн Ысык-Көлү облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингдин жүрүшүндө.

Анын айтымында, туристтик бөлмөлөрдү күн сайын дезинфекцияланып туруу керек. “Биринчи кезекте облуска кирерде каттоодон өтүү керек. Андан кийин эс алуу жайында бир бөлмөдө бир адам болушу керек. Эгер үй-бүлө боло турган болсо, анда ар бир адамга 6 чарчы метрден болгон бөлмө болушу шарт. Тамактануу меселеси боюнча биз тамак-ашка буйрутма берип, бөлмөсүндө ичүүсүнө сунуштап жатабыз. Ашканада иче турган болсо, ал учурда бир столдо бир адам отуруу каралган жана столдордун аралыгы 1,5 – 2 метрди түзүү керек. Суу жээктериндеги чатырлар, кийим которуучу жайлар жана башка жерлердин баарында аралык сакталышы керектелет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий