• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абсаттар Сыргабаев ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник баштаган уюмдун кызматкерлери менен жолугушту.

Өкулчулүктөн билдиргендей, тараптар ЮНИСЕФ Эл аралык уюму менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында аткарылган жумуштар, кызматташтык алакалардын өркүндөтүү кадамдарын талкуулашты.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү аталган эл аралык уюм Жалал-Абад облусунда 2010-жылдан тарта ийгиликтүү иш алып барып келе жатканын белгиледи. Бул аралыкта жергиликтүү бийлик менен бирге энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү, саламаттыкты сактоо, медициналык мекемелерди жабдыктар менен камсыздоо, билим берүү жаатындагы салымы чоң экенине токтолду. Өкүл алдыда майыптыгяы бар балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборлорун куруу аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

ЮНИСЕФдин өкүлү уюм майыптыгы бар балдарга шарт түзүү, социалдык багыттагы көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү менен долбоорду колдоого алаарын белгиледи.

Жалал-Абад облусунда ЮНИСЕФ Эл аралык уюмунун колдоосу менен “Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо системасын жакшыртуу", “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарга жаш өзгөчөлүгүнө жараша тарбия берүүнүн өзгөчөлүктөрү” аталашындагы долбоору иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий