• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Нарын облусуна 100 миңден ашуун турист келген

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Быйыл Нарын облусуна 100 миңден ашуун турист келген. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн кеңешмеде маалым болду.

Кеңешмеде белгиленгендей, быйылкы жылы келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырганда 3 эсеге, алардан түшкөн киреше 5 эсеге көп болду.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 9 айында 32 813 турист келип, 9 млн сом киреше түшсө, быйылкы жылдын 9 айында туристтердин саны 100 миң 630ка жетип, кирешеси 49 млн сомду түздү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, туризм тармагындагы мындай өсүш бул тармакка жетекчилик тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, туура багытта иш алып барылып жаткандыгынан кабар берет.

Пикир

Оставить комментарий