• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында өткөн жарманкеде эки миңден ашуун бош жумуш орун сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда 2 миңден ашуун бош иш орундары сунушталды. Мындан сырткары, 50дөн ашык алдыңкы ишканалар катышып, өздөрү өндүргөн продукцияларын жарманкеге коюшту.

Сунушталган жумуш орундарынын арасында өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарына жумушчулар керектиги көрсөтүлгөн.

Бул сыяктуу жумушсуз жүргөн жарандарды иш менен камсыздоо иш-чарасы Жалал-Абад шаарында ушул жылдын эсебинен экинчи ирет өтүүдө. Апрель айында уюштурулган жарманкенин жыйынтыгы менен 150дөй жаран жеринде жумуш тапкан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик жумушсуз жарандардын санын азайтуу максатында ар кандай акысыз кесиптик курстарды да уюштуруп келет.

Пикир

Оставить комментарий