• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун Оттук айылында 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл областынын Тон районунун Оттук айылындагы М. Мамбетова атындагы мектептин курулушу аяктоодо жана пайдаланууга даярдалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштерин аякталды. Ишке киргизүү жана аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө, эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулууда жана окуу процесси үчүн керектүү шаймандар менен жабдылып жатат.

Белгилей кетсек, 275 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталган. Объекттин сметалык наркысы 1 млн 55 миң 107 долларын түзүп, Сауд ѳнүктүрүү фондунун тарабынан каржыланды.

Мектептин курулушун ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий