• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл: "Ууру" операциясынын жүрүшүндө бир суткада 10 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кечээ, 15-февралдан тартып Ысык-Көл облусунун аймагында "Ууру" ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк ылайык, аталган иш-чара кылмыштарды алдын алууга, криминогендик абалды жакшыртууга жана кылмыштуу топторду табууга багытталган. Мындан тышкары уурдалган мүлктү сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Операциянын алкагында калкка кылмыштуу кол салуулардан коргонуу ыкмалары жөнүндө түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Ууру" операциясынын жүрүшүндө бир сутканын ичинде милиция кызматкерлери тарабынан мурда жасалган 10 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн бир адам кармалды.

"Алсак, Каракол шаарынын ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан буга чейин соттолгон 1987-жылы туулган Ю. Д. кармалган, ал өткөн жылдын июнь айында облустун борборунда тургундун үйүнө кирип, 14 миң сом өлчөмүндө акча уурдаган", - деп айтылат маалыматта.

Балыкчы шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Камаз" автомашинасынан аккумуляторлорду уурдаган деген шек менен 2003-жылы туулган М.Б. жана К. Э. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган, материалдык зыян 30 миң сомду түзгөн, 2 даана аккумулятор 6-февралдан 7-февралга караган түнү уурдаган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгиленгендей, "Ууру" операциясы уланат.

Пикир

Оставить комментарий