• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө 2018-жылы 2541,0 млн сомго продукция өндүрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында «Кумтөрдү» кошпогондо 2541,0 млн сомго продукция өндүрүлгөн, 2017-жылга салыштырмалуу физикалык өсүш 115,4 % түзгөн. Бул тууралуу облустун социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары чыгарылган коллегиялык жыйында вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди.

Ал маалымдагандай, айыл чарба тармагында ички дүң продукциясынын көлөмү 22,7 млрд сомду түздү.

« Муну менен катар пайдаланылбаган айыл чарба жерлеринин аянты көп бойдон калууда. Мындай болбошу керек», - деп белгиледи Жеңиш Разаков

Вице-премьер-министр ошондой эле белгилегендей, жыл жыйынтыгы боюнча облуста республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу 101,7% түзсө, жергиликтүү бюджет планы 102,9% аткарылган.

«Ысык-Көл облусу өлкөнүн өзгөчө туристтик аймагы болуп саналат. Биз аны түндүк жана ошондой эле түштүк жээкте инфраструктураларды жакшыртуу жана туристтер үчүн тиешелүү шарттарды түзүү аркылуу өнүктүрүшүбүз зарыл. Мурдатан даярдык иш-чараларын өткөрүү жана келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо керек», - деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков кошумчалагандай, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусунда бир катар маанилүү объекттер курулган: 74 ишкана, Балыкчы-Корумду жолу, 3 мектеп жана тазалоо курулуштары.

Муну менен бирге ал кошумчалагандай, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фондунун каражаттарына бир катар билим берүү жана спорттук мекемелерди капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылы аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу пландар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий