• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп бараткан жигитти куткарып калышты

Аймак 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлгө милиционерлер сууга чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 20-июль күнү саат 18:45 чамасында Атайын багыттагы полктун кызматкерлери Акылтай уулу Адилет жана Дуулат Азатов "Алтын-Кум" эс алуу жайында сууга чөгүп бара жаткан 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун куткарып калышкан.

Милиция кызматкерлери ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан кийин тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий