• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө бороондо калган эки жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө бороондо калган эки жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде саат 21:30 чамасында 51 жаштагы У.М. жана 34 жаштагы М.А. аттуу жарандар Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына Toyota Land Cruiser унаасы менен кетип, унаа жол бороон болгондуктан байланышка чыкпай, дайынсыз болушкан.

9-апрелде жерине ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ, унаа жолду тазалоого 1 жүктөгүч жана УКМКнын “Кара-Сай” чек-ара заставасынан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган.

Жогорудагы аталган жарандар заставадан 18 чакырым аралыктан аман-эсен табылган. Абалдары жакшы.

Пикир

Оставить комментарий