• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө эл аралык Run the Silk road марафону башталды

Спорт 0

Чолпон-Ата, 11.05.19. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында эл аралык Run the Silk road марафону башталды.

Анда катышуучулар 42 км, 21 км, 10 км жана 3 чакырымга чуркашат. Спорттук иш-чара Чолпон-Атадагы ипподромдо саат 9:00дө старт алды. Ага дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн келген 3 миңге жакын адам катышууда.

Иш-чаранын ачылышында президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мамлекет башчысынын атынан чыгып сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоевалар сөз сүйлөштү.

Марафонго бардык каалоочулар катышууда. ШКУ марафонунун байге фонду 2 млн. 790 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий