• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын жайкы туризмге даярдыгы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 7-июнь /Ислам Розиев - Кабар/. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлери ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көлдөгү пансионат, санаторий жана эс алуучу жайлардын жайкы туризмге болгон даярдыктарын текшеришти.

2016-жылы суу тазалоочу түтүктөрдүн жоктугуна байланыштуу “Ак-Жол” пансионаты жабылган. Пансионаттын өкүлдөрү билдиргендей, алар сууну тазалоочу жабдууларды орнотушкан.

Мамэкотехинспекциянын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Талант Борочоровдун айтымында, өткөн жылы Ысык-Көлдө суу тазалоочу жабдыктары жок деп табылган 12 пансионат убактылуу жабылып, аларга керектүү жабдыкты орнотуу тапшырмасы берилген. Ал эми быйыл 12 пансионаттын 7сү суу тазалоочу түтүктөрдү орноткон.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, бардык эле пансионаттарда тиешелүү шарттар сакталган эмес. Маселен “Кооператор” пансионаты суу тазалоочу жабдуулары эскиргенине байланыштуу, 3 жылдан бери ага иштөөгө тыюу салынып келет. Бул жылы пансионаттын жетекчилиги суу тазалоочу жабдыктарда ремонт жасаганы менен, маселе таптакыр жоюлган эмес.

Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Мурат Мусагожоев “Кооператор” пансионаты талаптарга жооп бербегенине байланыштуу, быйыл туристтерди кабыл алууга аларга тыюу салынгандыгын белгиледи.

Белгилүү болгондой, Ысык-Көлдө көпчүлүк пансионаттар текшерүүдөн өтүп жайкы сезонго толугу менен даяр. Текшерүүлөр 15-июнда аяктап, ошондон кийин гана, кайсы пансионат же эс алуучу жайлар текшерүүдөн өткөндүгү белгилүү болот.

Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Максат Сарбагышев билдиргендей, 160 пансионаттын 70% пайызы 90% пайыздык текшерүүдөн өткөн.

Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдагандай туристтердин коопсуздугун сактоо максатында, Ысык-Көлдөгү бардык эс алуучу жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат.

ИИМдин маалыматына ылайык, ден-соолугун калыбына келтирүүчү курорттук аймактарда милиция кызматкерлеринин саны көбөйтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий