• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү убактылуу кармоочу жайларында санитардык абал начар бойдон калууда – Сулайманов

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун убактылуу кармоочу жайларында санитардык абал начар бойдон калууда. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтуусунда, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун 6 убактылуу кармоочу жайларында санитардык шарттар абдан начар. Ал жакта санитардык-гигиеналык нормалар жок, суу жок, жуунуга мүмкүнчүлүк жок.

Директор белгилегендей, 2017-жылы бул жайларды текшерүү жүргүзүлгөн, бирок 2019-жылы жүргүзүлгөн текшерүү эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий